АПРАКСИН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АПРАКСИН (гр. apraxia – аракетсиздик) – адам­дын жогорку нерв ишинин бузулушу. Анда мээ кыртышынын ар кайсы бөлүгү жабыркап, мак­саттуу кыймыл-аракет бузулат. Ал мээнин төбө, маңдай бөлүгүнүн сезгенүүсүнөн, шишигинен, кан тамырларынын жабыркашынан же түрдүү кырсыктардан болот. Оорулуу суроолорго туура жооп берет, бирок түрдүү көнүмүш аракеттерди (мис., ширеңке чакканды, топчулоону ж. б.) жасай албайт. Апраксин кинетикалык, кинестетикалык жана конструкциялык болуп бөлүнөт. Кинетикалык Апраксин мээнин маңдай бөлүгүнүн арткы жагы жабыркагандай болуп, кыймылдын ырааттуулугу бузулат. Натыйжада кыймыл токтоп же максатка жетүү үчүн ошол эле кыймылды кайталоого туура келет. Мээнин төбө бөлүгүнүн жогорку жагы жабыркаганда кинестетикалык Апраксин болуп, оорулуу өзү ойлогон кыймыл-аракетти жасай албайт. Констрлык Апраксин төбө мээсинин төмөнкү бөлүгү жабыркаганда байкалат. Дарылоону нейропсихолог жүргүзөт.