АППЕРЦЕПЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АППЕРЦЕПЦИЯ (лат. adperceptio – кабылдоо) – кабылдоонун аңдалгандыгын жана байланышын, ошондой эле жаңы түшүнүктү өткөн тажрый­ба менен бириктирүү процессии туюнтуучу философиялык жана психологиялык түшүнүк. Апперцепция термини Г. В. Лейбниц тарабынан киргизилген. Ал аң-сезимдүү жана активдүү кабылдоону перцепциядан (аңдоосуз кабылдоо) айырмалап, Аппецепция деп атаган. Кийин Апперцепция табияттын өзгөрүүсүн жана аң-сезимдин биримдигин түшүндүрүүдө колдонулуп калган. Канттын философиясында Апперцепция өзүн-өзү аңдоону мүнөздөйт. И. Герберттин психологиясында Апперцепция кабыл­доонун – жалпы эле жаңы нерсени өздөштүрүүдө өткөндөгү тажрыйбага көз каранды экендигин билдирет. В. Вундттун пикири боюнча Апперцепцияны адам­дын рухий дүйнөсүнүн чыгармачылык күчүнүн негизин түзгөн аң-сезимдин бардык активдүү процесстери – ыкылас, эрк, кыялдануу, акыл-эсти аң-сезимдин иштөө принциби катары санайт. Психологияда учурда Апперцепция түшүнүгү колдонулбаганына карабастан, инсандын кабылдоосу турмуштук тажрыйбадан көз карандылыгы айрым учурда ушул термин менен белгиленет.