АППАК КОЖО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АППАК КОЖО [толук аты-жөнү Идаятулла Aппак («Жарык дүйнө» же «Нур ээси») кожо ибн кожо Мухаммед Жусуп (1625/26, Комул, Чыгыш Түркстан – 1694/95, Кашкар аймагы)] – ислам динин, анын ичинде сопучулук агымын жайылтуучулардын бири; Чыгыш Түркстандагы Жаркент хандыгынын тагына ээ болгон биринчи кожо. Белгилүү диний ишмер Махдум Азамдын (сейит Жалал ад-дин Ахмад ал-Касани ад-Дахбеди, 1461–1542) жети уулу болуп, алардын эң улуусу эшен Калан (Мухаммед-Амин) жана эң кичүүсү (айрым маалыматтарда төртүнчү) Исхак Вали атасынын жолун уланткан. Кийинчерээк диний көз караштарга байланыштуу катуу араздашып, натыйжада Чыгыш Түркстанда (кара: Алты-Шаар) «ак тоолуктар» (кара: Ышкиййа тарыкаты) жана «кара тоолуктар» (кара: Исхакийа тарыкаты) деген бири-бирине карама-каршы эки диний агым пайда болгон. Аппак кожо «ак тоолук» Эшен Каландын небереси болуп, мунун тушунда диний араздашуу өтө жогорку деңгээлге жеткен. XVII кылымдын аяк чендердинде Аппак кожонун атасы Мухаммед Жусуп могол ханы (1638–1668) Абдылда хан менен каршылашып, 1663-жылы Жаркентте козголоң чыгарган. Бирок күчү жетпей, Абылданын уулу Жолборсту өз жагына тартууга аргасыз болгон. Жолборс атасынын ордун алгандан (1668) кийин 1670-жылы ага каршы «кара тоолук» Шады кожо көтөрүлүш уюштуруп, тоолук кыргыздардын жардамы менен Кашкар шаарын курчоого алган. Ал шаарды коргоп жаткан Мухаммед Жусупка уу бердирип өлтүргөндөн кийин Жолборс ханды тактан түшүрүп, анын ордуна Жолборстун бир тууганы Исмаилди отургузган. Натыйжада «ак тоолуктар» куугунтукка учурап, Аппак кожо адегенде Самаркандка, андан Бадахшан, кийин Кашмирге барып, 1678-жылы Тибетке келип, 2 жылдай жашап, ал жактан Далай ламанын колдоосу менен Жуңгар хандыгыны ханы (1671–1697) Галдан Бошоктуга алдына барган.  1680–1683-жылдары Бошокту Алты-Шаарды каратып, Жаркент хандыгынын тагына Аппак кожону отургузуп, анын уулу Жаханга (Йахийа) Кашкарды берген. Ушул учурдан баштап Чыгыш Түркстан Жуңгар хандыгына көз каранды болуп, жылына 100 000 теңге салык төлөп туруу милдети тагылган. Кийинчерээк Аппак кожонун урпактары (кара: Жааңгер кожо) Чыгыш Түркстандын (Алты-Шаар, Жети-Шаар) тарыхында чоң ролдорду ойношкон. Сөөгү Кашкар шаарына жакын 1640-жылдары атасы Мухаммед Жусуп курган бейиттин жанына коюлган. Кийин анын көрүстөнү «Азирет Аппак кожонун күмбөзү» деген аталыш менен мусулмандар зыярат кылуучу жайга айланган. Уйгурлардын тарыхында Аппак кожого терс баа берилген.

Ад.: Думан Л. И. Аграрная политика цинского (манчжурского) правительства в Синьцзяне в конце XVIII века. М.-Л., 1936; История Кашгарии /Материалы по истории казахских ханств XV-XVIII веков. (Извлечения из персидских и тюркских сочинений). А.-А., 1969; Кузнецов В. С. Империя Цин и Му­сульман­ский мир. Новосибрск, 1990.