АПОФЕОЗ
Jump to navigation
Jump to search
АПОФЕОЗ (грекче απо૭εωσις; – Кудай деп билүү) – 1) кайсы бир кишини, окуяны же көрүнүштү мактоо, даңазалоо; 2) кайсы бир окуяны же кишини даңазалаган спектаклдин же майрамдык концерт программасынын, цирктеги көрсөтүүнүн акыркы, салтанаттуу массалык көрүнүшү. Анда өтө көп катышуучулар болот. Атайылап жаркыраган декорациялык жасалгалар, кийимдер, бутафория жана башкалар пайдаланылат.