АПОСТРОФА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АПОСТРОФА – поэзияда, лирикалык ырларда кеңири кездешкен стилдик ыкманын бир түрү. Көзү өткөндөргө тирүүлөй, жок нерсеге бардай кайрылуу апострофа деп аталат. Кыргыз поэзиясында М. Алыбаевдин «Владимир Маяковскийге акындык отчёт» деген поэмасы, Б. Сарногоевдин «Мидинге кат» аттуу ырлары апострофанын стилдик формасында жазылган.