АПЛОДИСМЕНТ
Jump to navigation
Jump to search
АПЛОДИСМЕНТ (лат. applaudo – кол чабам) – колдоо көрсөтүү, сүрөөн, салам айтуу белгиси. Театрда – көрүүчүлөрдүн сахнада аткарылып жатканды колдоо катары кол чабуусу, ошондой эле акттын соңунда актёрлорду сахнага чакыруу. Байыркы Римде эле аплодисменттин ар кандай мааниси бар, иштетилген системасы болгон. Аплодисмент азыркыга чейин өз маанисин жогото элек.