АПЛИТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АПЛИТ (гр. haploos – жөнөкөй) – тарамдар түрүндө кезигүүчү, ачык түстүү магмалык тоо тек. Аплит гранит менен тектеш, көбүнчө талая шпатынан (65%) жанa кварцтан (30%) турат, слюда, күңүрт түстөгү минералдар курамында эң аз. Акцессор минералдарынан гранат, циркон, тур­малин, апатит, ортит кездешет. Структурасы өтө майда бүртүкчөлүү. А-плиттин айрым түрлөрү кера­мика өндүрүшүндө колдонулат.