АПЕННИН ЖАРЫМ АРАЛЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АПЕННИН ЖАРЫМ АРАЛЫ Түштүк Европада. Анда негизинен (аймагынын 1/2ин) Италия, ошондой эле Ватикан жана Сан-Марино мамлекеттери жайгашкан. Аянты 149 миң км2. Жер Ортолук деңизге 1100 км кирип, Тиррен, Иония, Лигу­рия жана Адрия деңиздери менен чулганат. Жээктеринде булуң-буйтка аз, түштүк бөлүгүндө гана Калабрия, Салентина, Гаргано жарым аралдары, Таранто булуңу ж. б. бар. Апеннин жарым аралын дээрлик Апеннин тоолору (эң бийик жери 2914 м, Корно чокусу) ээлейт, түндүгүндө Падан түздүгүнүн бир бөлүгү, чыгыш жана батыш жээктеринде анча чоң эмес дөбөлүү түздүк тилкеси жайгашкан. Түштүк-батышында жанар тоолор (Везувий, Флегрей талаасы ж. б.) бар. Климаты субтропиктик жер ор­толук деңиздик; жайы ысык, кышы мелүүн. Дарыялары (негизгилери – Тибр, Арно) кыска, жайында суусу өтө азаят. Жер Ортолук деңиз­дик бадал (маквис, гарига) жана токой өсөт. Түздүктөр менен тоо этектеринде маданий ланд­шафт басымдуу.