АПЕЛЛЯЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АПЕЛЛЯЦИЯ (лат. apellatio – кайрылуу) – мыйзамдуу түрдө күчүнө кире элек сот чечимдерин кайра кароо жолу; апелляциялык инстан­ция соту аркылуу ишти кайра кароо жана чечүү. Ааелляция Байыркы Римде император Юстиниандын (527–565) тушунда сот өндүрүшүнүн маанилүү элементи катары пайда болгон. Ошол мезгилде эле Апелляциялык даттануу жана аны кароо мөөнөтү белгиленген. Батыш Европада Апелляциянын өнүгүшү борборлоштурулган мамлекеттердин пайда болушу менен тыгыз байланыштуу. Анда Рим укугунун институттарынын рецепцияланышынын негизинде жарандык процесс калыптанган. Бара-бара Гер­мания жана Францияда Рим жана улуттук укуктарынын жуурулушу менен даттануу системасы толугу менен түзүлгөн. Бул системанын негизги шарты катары сот чечимдерин кароонун Апелляциялык тартиби эсептелип, Германиянын жарандык - процессуалдык кодексинде (1806; 1877), Франциянын кылмыш-жаза-процессуалдык кодексинде бекемделген. Россиянын жарандык процессинде Апелляция 1917-жылга чейин аракетте болгон. Совет өлкөсүндө 1917-жылы 22-ноябрда жаңы элдик соттордун кадыр-баркын бекемдөөгө тескери таасирин тийгизет деген шылтоо менен жоюлган. 1992-жылы Арбитраждык процессуалдык кодекси аркылуу Апелляциялык институт кайрадан калыбына келтирилген, к. Апелляциялык даттануу. Ж. Арзыкулов