АПААТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АПААТ, а л а а м а т – адамзатты кырсыкка жана материалдык бүлгүнгө учуратуучу табият кубулуштары жанa кырсыктары. Аларга жер титирөө жана тоолордун атылышы, суу ташкыны, сел жүрүү, кургакчылык, бороон-чапкын, цунами, катуу шамалдар (торнадо, куюн) ж. б. кирет. Негизинен жер шарында болжолдуу 70ке жакын, ал эми Кыргызстаннда 20дай табигый кырсыктар катталган. Апаат көбүнчө капысынан болуп, адамзатка жанa чарбага көп залал келтирет.