АНЫКТООЧ
Jump to navigation
Jump to search
АНЫКТООЧ – сүйлөмдө заттын, окуянын, зат ордуна колдонулган сөздөрдүн сынын, сыпатын, мүнөзүн, санын, иретин же ал заттын башка затка таандык экендигин билдирүүчү айкындооч мүчө (мис., Минген атың жакшы ат болсо, алысты жакындай көр). Атоочтор граммататкикалык жактан баш мүчөлөрдүн бирине багыныңкы абалда туруп, аларга маани жактан айкындык берет, сүйлөмдүн жалпы маанисин кеңейтип толуктап турат.
С.Мусаев.