АНШЛАГ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АНШЛАГ (нем. anschlag – афиша, кулактандыруу) – театр, цирк, кинотеатр кассасынын жанында билеттердин бардыгы сатылып кеткендигин билдирген атайын кулактандыруу. «Аншлаг» «толук чогулду» түшүнүгү менен маанилеш, башкача айтканда оюнга (спектакль, концерт) көрүүчүлөрдүн жык-жыйма толушу.