АНТТАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АНТТАР (лат. Antes, гр. Antai) – 6–7-кылымдагы тарыхый булактарда эскерилген байыркы эл. Готтук (Кассиодор, Иордан), византиялык (Про­копий Кессарийский, Агафий Миринейский, Менандр Протиктор, Маврикий ж. б.) жана сириялык (Иоанн Эфесский) тарыхчылардын эмгектеринде эскерилет. Изилдөөчүлөрдүн көпчүлүгү Анттарды славяндарга таандык деп эсептешет. «Анттар» термининин этимологиясы дискуссиялуу бойдон калууда (түркчө ант – ант берүү, иранча анта – аягы, четки ж. б.). 6-кылымга карата А. Днестр жана Днепр дарыясынын аралыгындагы, ошондой эле Днепрден чыгышты карай жайгашкан токойлуу-талаалуу аймактарды мекендешкен. Жазма булактарда Анттардын келип чыгышы, салттары жана тили боюнча тектеш склавиндер менен чогуу эскерилет. Алар жер айдап, мал багуу менен кесиптенишкен, отуруктуу калк болгон. Коомдук түзүлүшүндө аскердик демократия, патриархалдык кул ээлөөчүлүк орун алган. Византиялык император Юстиниан 1нин тушунда Анттар алгачкы жолу Византия империясынын аймагына кирип барышкан жана ушундан тарта Анттар тектеш склавиндер менен бирдикте Византиянын Балкандагы ээликтерине бат-бат жортуулдарды уюштуруп турушкан. 545-жылы император Юстиниан алар менен союздаштык келишим түзгөн. 6-кылымдын ортосу – 7-кылымдын башында Анттар аварлардын кол салуусуна дуушар болгон. 560-, 590-жылдарда Византия империясынын Авар каганатына каршы күрөшүндө Анттар зор жардам көрсөткөн. 6-кылымдан баштап жазма булактарда Анттар эскерилбейт. Алардын тукумдары чыгыш славян, айрымдары түштүк славян уруулук бирикмелеринин курамына кирген.
Ад.: Рыбаков Б. А., Анты и Киевская Русь. «Вестник древней истории», 1939, № 1; Седов В. В. Славяне в раннем средневековье. М., 1995.