АНТРОПОГЕНДИК ЛАНДШАФТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АНТРОПОГЕНДИК ЛАНДШАФТ – адамдын чарбалык иш-аракетинин негизинде табигый абалына салыштырмалуу өзгөрүүгө дуушар бол­гон географиялык чөйрө. Антропогендик ландшафтка өнөр жай комплекси, калк отурукташкан жерлер, айыл чарбалуу, өнөр жайлуу райондор ж. б. кирет. Антропогендик ландшафттын өзүн-өзү жөнгө салып турган табигый ландшафттан айырмасы, ал такай адамдын таасири астында өрчүп өнүгөт. Бирок көпчүлүк учурда көзөмөлдөнбөгөндүктөн, чөйрөнүн деформациясына жанa бузулушуна түрткү болот. Антропогендик ландшафт өзгөрүүсү (чала өзгөргөн, өзгөргөн, өтө өзгөргөн), социалдык-экономикалык функциясы (айыл чарбалык, урбанизацияланган, рек­реациялык, коруктук, чөйрө коргоочу ж. б.), антропогендик таасирлердин натыйжасы боюнча (маданий же өзгөртүлгөн ландшафт) бөлүнөт. Антропогендик ландшафт кургактыктын 63%ин ээлейт.