АНТРАЦИТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АНТРАЦИТ (грекче anthrakitis – көмүрдүн бир түрү) – жогорку даражада метаморфизмделген гумустуу таш көмүр. Тыгыз, жалтырак, өңү бозомтук кара. Электр тогун жакшы өткөзөт. Күйгөн кезде 8100-8350 ккал/кг жылуулук чыгарат. Курамында 93,5–97% көмүртек бар, андан көп болсо суперантрацит деп аталат. Жаратылышта антрацит ар кандай калыңдыктагы (40 мге чейин) катмар түрүндө, девондон тартып юрага чейинки бардык геологиялык мезгилдерде кездешет. Көмүрдүн дүйнөлүк запасынын 3%не жакынын антрацит түзөт (к. Көмүр кендери). Антрациттин кени Кыргызстанда Өзгөн бассейининде бар. Антроцит негизинен жогорку сапаттуу энергетикалык отун катары, айрым сорттору домна процесстеринде, чоюн эритүү иштеринде колдонулат.