АНТРАХИНОН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АНТРАХИНОН, С14Н802 – органикалык бирикме. Ачык сары түстүү кристалл, балкып эрүү t 286°С; кайноо t 379-381°С; ысык толуолдо, анилинде жанa нитробензолдо жакшы, спиртте начар эрийт. Антрахинон антраценди окистендирүүдөн же фталь ангидриди менен бензолдон синтезделет. Антрахинонго 130°Сде хлорду таасир эткенде 1,4,8-тетрахлорантрахинон, 60°Сде бромдоодо тетрабром бирикмеси пайда болот. Антрахинонду сульфирлөөдө антрахинонсульфокислоталар алынат. Антрахинон боёк алуудагы негизги зат. Антрахинонду сульфирлөө реакциясы өнөр жайда боёк заттарды синтездөө үчүн колдонулат.