АНТОНОВ Олег Константинович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АНТОНОВ Олег Константинович [25. 1 (7. 2).1906, азыркы Москва облусу, Подольск району, Троицы кыштагы – 4. 4.1984, Киев] – авиаконструктор, техника илимдеринин доктору, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966), УССР ИАнын академиясынын академиги (1968), СССР ИАнын академиясынын академиги (1981). Ленинградцагы Калинин атындагы политехникалык институтту бүтүргөн (1930). А. С. Яковлевдин конструктордук бюро бөлүмүндө (ОКБ) жетектөөчү инженер (1938-40), ошол эле бюродо башкы конструктордун 1-орун басары (1943- 46), башкы конструктор (1946), Киевдеги кайрадан уюштурулган авиация, конструктордук бюро бөлүмүнүн генералдык конструктору (1962- 84). Антоновдун жетекчилиги менен Ан-8, Ан-12, Ан-22 («Антей»), Ан-32, Ан-72, Ан-124 («Руслан») транспорт самолёттору, көп максатта колдонулуучу Ан- 2, Ан-14, Ан-28 самолёттору, Ан-10, Ан-24 жүргүнчүлөр самолёттору, планерлор, дельтапландар жасалган; транспорт самолётунун автоматташтырылган долбоорлоо системасын иштеп чыккан, авиакуруу ишинде желим менен кандап бириктирүүнү жана композициалык материалдарды киргизген, авиакурулуштун экономикасынын ыкмаларын өрчүткөн. СССР Жогорку Советинин 5, 7, 9-шайланышынын депутаты. СССР Мамлекеттик (1952) жана Лениндик сыйлыктарынын лауреаты, 3 Ленин ж. б. ордендер, медалдар менен сыйланган.