АНТИФРИЗДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АНТИФРИЗДЕР (анти ... жана англ. freeze – тоңуу) – ОоСден төмөн температурада иштөөчү ичинен кыймылдаткычтарды жана ар кандай түзүлмөлөрдү муздатууда колдонула турган төмөнкү температурада тоңуучу суюктуктар. Антифриздер жогорку жылуулук сыйымдуулук, жылуулук өткөрүмдүүлүк, кайноо жана от алуу температурасынын өтө жогору болушу; төмөнкү температурада начар илешкектиги, буу басымынын жана көбүрүүсүнүн төмөндүгү ж. б. касиеттерге ээ. Антифриз муздатуу системасынын тетиктерин дат бастырбайт, шланг жана төшөлмөлөр жасалган материалды жеп жибербейт. Этиленгликоль, глицерин, айрым спирттер ж. б. органикалык кошулмалар, ошондой эле кээ бир туздардын (мисалы хлордуу кальций) суудагы эритмелери ушундай касиетке ээ. Дат бастырбаган фосфор кычкыл натрий кошулган, тоңуу температурасы -75°С, этилен-гликолдун суудагы эритмеси (66,4% и этиленгликоль жана 33,3 %и суу) сапаттуу антифриз болуп эсептелет. Мындай эритмелер тоңгондо көлөмү чоңойбойт, ошондуктан антифриз тоңгон түтүктөр жана радиаторлор системасы жарылып кетпейт. Антифриздин фосфор кычкыл натрийлүү этиленгликолдуу 40 жана 60 маркасы (тоңуу температурасы тиешелүү түрдө -40°С жана -60°С) жана молибден кычкыл натрийлүү 40 м маркасы бар.
Ад.: Моторные и реактивные масла и жидкости, под ред. К. К. Папок и Е. Г. Семенидо, 4 изд., М., 1964; Бобров Н. Н., Воропай П. И. Применение топлив и смазочных материалов, 2 изд., М., 1968.