АНТАНТА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АНТАНТА (фр. Entente cordiale – «ыкластуу макулдук») – Улуу Британия, Франция жана падышалык Россиянын Германия башында турган Үчтүктөр союзуна (Германия, Италия, Австрия-Венгрия) жана Осмон империясына каршы багытталган союзу; 1891–93-жылдары француз-орус, 1904-жылы англис-француз, 1907-жылы англис-орус макулдашууларынын негизинде бекемделген. Союзду бекемдөө үчүн Россия, Англия, Франция 1914-жылы сентябрда Лондондо сепараттык тынчтык түзбөө жөнүндөгү келишимге кол коюшкан, 1915-жылы ага Япония кошулган. Антанта союзу 1914–18-жылдагы 1-дүйнөлүк согуш учурунда германиялык коалицияга каршы 20дан ашуун - АКШ, Англия, Бельгия, Франция, Бразилия, Япония, Гватемала, Гондурас, Грекия, Италия ж. б. мамлекеттерди бириктирген. Антантага жана Үчтүктөр союзуна кирген негизги мамлекеттер дүйнөнү кайра бөлүштүрүүнүн империалисттик программасын иштеп чыгышкан. Россияда Октябрь революциясы жеңген соң, Совет бийлиги тынчтык жөнүндөгү Декретти кабыл алуу жана сепараттык Брест тынчтык келишимине кол коюу менен согуштан чыгып кеткен.