АНСАМБЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АНСАМБЛЬ (фр. ensemble – бирге, чогуу, бүтүн нерсе) – 1) сахна өнөрүндө спектаклдеги бир идеяга баш ийген бардык компоненттердин гармониялуу айкалышы; 2) аткаруучулардын бир көркөм коллектив катары чыгуучу тобу; 3) бир нече аткаруучу үчүн музыкалык чыгарма (дуэт, трио ж. б.); 4) архитектура жана шаар курууда идеялык-көркөмдүк, архитектуралык жактан чечилген имараттардын, аянттардын, монументалдык живопистин, скульптуранын композициялык биримдиги.
Ансамбль – архитектуралык чыгармачылыктын жогорку формасы. Имараттардын, бак-парктардын да өзүнчө ансамбли болот. Бири-бирине

Бийчилер ансамбли.
«Келечек» комузчулар ансамбли, жетекчиси Бүбүгүл Султанова.

өтмөктөр аркылуу байланышкан беш имараттан турган КР УИАнын курулушунун комплекси борборубуздун ири архитектуралык ансамбли болуп саналат. Анын авторлору ленинграддык архитектор Ю. Билинский жана А. Бочаров имараттын бетмаңдайын кооздоодо Кыргызстандын илимин, маданиятын кыргыздын элдик оймо-чийме мотивдери аркылуу чагылдыруу менен түстүү куйма керамикада аткарылган тематикалык жана декоративдик барельефтерди колдонушкан. Ал эми Бишкектин борбордук гүлбагы катар тигилген дарактардын, көк жайыктардын, эстеликтин жана

Архитектуралык ансамбль.

фонтандын биригип айкалышынан түзүлүп, тегерегиндеги архитектуралык имараттарга кошулуп, шаардын ажырагыс кооз бөлүгүнө айланды. Архитектуралык ансамблдин композициясына көркөм сүрөт өнөрүнүн чыгармалары да кирет, к. Искусство синтези.

К. Сарбанов.