АНОРТИТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АНОРТИТ (гр. anorthos – кыйгач, кыйшык) - плагиоклаздар тобундагы минерал. Химиялык формуласы Ca[Al2Si2Og]. Триклин сингониясында кристаллданат. Катуулугу Моос шкаласы боюнча салмагы 2,76. Өңү ак, көгүш кызгылт, айнек сымал жалтырак. Таза анортит сейрек кездешет. Скарн менен роговиктерде, кээде метеориттерде жолугат. Анортит – негиздүү магма тоотектерди түзүүчү минералдардын бири.