АНОНС

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АНОНС (фр. аппопсе – жарыялоо) – боло турган спектакль, кино, гезитке жарыялануучу сенсациялуу (кызыктыруучу) макала ж. б. жөнүндө алдын ала кулактандыруу. Анын өтө таасирдүү түрү – «тизер» (teasez – делебени козгоо, тажатуу) болуп саналат. Анда ар кандай кабарлар же башка телерадиопрограммалар аркылуу эң кызыктуу маалымат берилери тууралуу күн мурунтан кабарланат.