АНКИЛОЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АНКИЛОЗ (гр. ankylos – ийри) – эки сөөктүн муун башынын бир-бирине чапталып калышынан пайда болгон кыймылсыз абал. Негизги себептери муундун катуу кармаган өнөкөт инфекциялык сезгениши; сөөк учтарынын кырсыктан жабыркашы. Aнкилоздо муун сөөктөрүнүн бетине фиброз, кемирчек, сөөк ткандары өсөт. Буту-колдун анкилозунда кол же бут сунулган боюнча же ар кандай бүгүлгөн абалда жазылбай калат. Алдын алууда кырсыкка жана сезгенүүлөргө учураган муундарды өз убагында туура дарылоо жана курорт, санаторийде дарылап, дарылоочу дене тарбия сунуш кылынат. Айрым түрлөрүн хирурггиялык жол менен дарылайт.