АНИМАЦИЯЛЫК КИНО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АНИМАЦИЯЛЫК КИНО, а н и м а ц и я (англисче animatio – жандануу) – кинодо бөлөк-бөлөк сүрөттөрдү фотографиялоо жана аларды биринин артынан бирин кыймыл иллюзиясын жаратуу үчүн тез калыбына келтирүү. Анимациялык кино биринчи жолу 1892-жылы демонстрацияланган; ага-ини Люмьерлер кинокамераны ойлоп тапкандан кийин, анын мүмкүнчүлүктөрү бир кыйла өскөн. 1908-жылы анимациялык кинонун эң кеңири тараган түрү – мультипликациялык фильм, мультипликация (латынча multiplicatio – көбөйүү) пайда болгон. Анимациялык кино рекламада жана куурчак, силуэт фильмдерин жаратууда пайдаланылат. Графикалык мультфильмди сүрөтчү-карикатурачы Э. Коль (Франция, 1908) негиздеген. Россияда биринчи мультфильмдерди реж. В. А. Старевич койгон (1911-1913). Анимациялык кинонун дүйнөлүк өнүгүшүнө америкалык сүрөтчү жана режиссер У. Дисней чоң таасир көрсөткөн. Ал сүрөт менен тартылган персонаждардын кубаттуу индустриясын түзгөн (Микки-Маус, Дональд Дак ж. б.). СССРде мультипликациялык өнөрканалар 1920-жылдары пайда болгон. Мультфильмдерди «Союзмультфильм» киностудиясы (1936, Москва) чыгарган. 1977-жылы Кыргыз киностудиясында мультфильмдерди чыгаруучу бөлүм уюшулуп, «Сандардын чатагы», «Олокон», «Ажыдаардын үңкүрү», «Торгой», «Байпактын түшү» жана башка алгачкы тасмалар коюлган. Анимациялык кинону чыгарууда режиссёр-сүрөтчүлөр чоң роль ойнойт. Кыргыз мультфильмдерин сүрөтчүлөр С. Ишенов, Б. Жумалиев, Б. Жусупбеков, В. Белов, М. Сарулу, А. Даирбеков жана башкалар тартышкан. XX кылымдын аягында XXI кылымдын башында кино искусствосуна компьютердик дизайн, видеоарт, документалдык элементтер кеңири кире баштады. Анимациялык кинонун эл аралык фестивалдары Ансида (Франция), Оттава (Канада), Хиросима (Япония), Сеул (Түштүк Корея), Штутгарт (Германия) шаарларында 1998-жылдан Украина жана Россияда жыл сайын өткөрүлөт.