АНИМАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АНИМАЦИЯ (Animation) – графиктик сүрөттөлүштөрдү кыймылдатуу, жылдыруу. Ал негизги графиктик сүрөттөлүштүн жөнөкөй кыймылынан майда-чүйдөсүнө чейинки комплекстүү кыймылынын татаал процесстерин түзүүгө жөндөмдүү. «Шрек», «Подводная братва» кинолору ж. б. тартылган мультфильмдер, жүгүртмө саптагы (бегающая) жарнамалар анимациянын эң жакшы мисалдары боло алат. Мультимедиа колдонмолорунда анимация текст менен графикке караганда маалыматты ачыгыраак көрсөтөт. Жаңылыктардагы же спорттогу эсеп тексттери да кыймылдатылып көрсөтүлөт жана ал тармак оюндарынын (сетевой оюндар) көбүндө колдонулат.