АНИЛИН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АНИЛИН, аминбензол, фенилами С6Н5 – NH2 – эң жөнөкөй ароматтык амин. 1826-жылы индигону кургак бууландыруудан алынган. 1842-жылы орус окумуштуусу Н. Н. Зинин нитробензолду күкүрттүү аммоний менен калыбына келтирүүдөн синтездеген. Азыр анилин нитробензолду катализатордун катышуусунда 200-300°Сде калыбына келтирүүдөн алынат:

,

Анилин түссүз, жарык жана абанын таасиринен түсүн өзгөртүүчү, өзгөчө жыттуу суюктук; эрүү t 16°С, кайноо t 184,4°С, сууда, спиртте, эфирде, бензолдо, хлороформдо жакшы эрийт. Ал минералдык кислтаталар менен туздарды, органикалык кислоталар менен анилиддерди пайда кылат. Анилин негиздик касиетке ээ, бирок анын негиздик касиети майлар катарындагы аминдерге караганда начарыраак. Туздарынын ичинен C6HSNH3C1 чоң мааниге ээ, ал текстиль өнөр жайында кездеме боёдо пайдаланылат. Анилин вулканизацияны тездетүүчү зат катары, фармацевт ж. б. өнөр жайында кеңири колдонулат. Анын буусу уулуу болгондуктан, адамдын борбордук нерв системасына таасир этет.
Ж. Медетбекова.