АНЖИЯН ОБЛУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АНЖИЯН ОБЛУСУ Өзбекстан Республикасында. 1941-жылы 6-мартта уюшулган. Фергана өрөөнүнүн чыгышынан орун алган. Аянты 4,2 миң км2. Калкы 3,0 млн (2018), шаар калкы 32%. Облуста 14 администрациялык район, 11 шаар, 5 шаарча бар. Борбору – Анжиян шаары. Облустун борбордук бөлүгү түздүк, чыгышы улам бийиктеп, адырлуу (Алай жана Фергана кырка тоолорунун этеги) келет. Облус геологиялык активдүү зонада жайгашкандыктан, катуу жер титирөөлөр болуп турат. Климаты кескин континенттик. Январдын орточо температурасы –3°С, июлдуку 27°С. Жылдык жаан-чачыны 200 ммдей. Башкы суусу – Кара-Дарыя (Сыр-Дарыянын куймасы). Өзбекстандын башка облустарына караганда суу ресурстарына бай. Боз, шалбаа жана саздак топурактуу. Айдалбаган жеринде шыбак өсөт. Калкынын көбү өзбектер, ошондой эле орус, кыргыз, татар, уйгур ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Калктын орточо жыштыгы 1 км2 жерге 517 киши. Нефть жана газ казып алынат. Нефть жана химия (Анжиян), жеңил (анын ичинде пахта тазалоо), тамак-аш (май, консерва) өнөр жайы бар. Хожабат – Анжиян – Асака газ кууру, Анжиян суу сактагычы курулган. Асака шаарында машина куруу (жеңил) заводу иштейт. Сугат дыйканчылыгы (Чоң Фергана, Түштүк Фергана, Чоң Анжиян, Анжиян каналдары бар) өнүккөн. Айдоо аянтынын 3/4үнө пахта эгилет. Жашылча-бакча өсүмдүктөрү, жемиш бактары өстүрүлүп, жүзүмчүлүк, жибекчилик өнүккөн. Тоют базасы жетишпегендиктен, мал чарбасы начар өнүгүп, малы Кыргызстандын жайыттарында (уй, кой) асыралат.