АНДРЕЕВ Николай Тимофеевич

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АНДРЕЕВ Николай Тимофеевич [21. 11. 1905, Москва – 27. 9.1974, Фрунзе (азыркы Бишкек)] – Советтер Союзунун Баатыры (1945), полковник. 1942-жылы «Выстрел» курсун, 1947-жылы М. В. Фрунзе атындагы Аскер академиясына караштуу Армиялык жогорку курсту бүтүргөн. 1927-жылы Советтик Армияга чакырылып, солдаттан полковникке чейин күжүрмөн жолду басып өткөн. Улуу Ата Мекендик согушта 1028-аткычтар полкунун (1-Белоруссия фронту, 47-армия, 260-аткычтар дивизиясы) командири болгон.

АНДРЕЕВ 2 87.png

1945-жылы Варшаванын түндүгүндө Висладагы плацдарм үчүн салгылашта Модлин – Варшава шоссесин кесип өтүп,душмандын күчүнө чоң зыян келтирген. Бул эрдиги үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. Согуштан кийин Советтик Армиянын бөлүктөрүндө жана мекемелеринде жооптуу кызматтарды аткарган. 1953–58-жылдарда Кыргыз ССР аскер комиссары. Кыргызстан КП БКнын мүчөсү (1955–58), Кыргыз ССР Жогорку Советинин 4-шайланышынын депутаты. Ленин ордени, 3 Кызыл Туу, 2-даражадагы Ата Мекендик Согуш, 3-даражадагы Суворов, Кызыл Жылдыз ордендери жана медалдар менен сыйланган.