АНГЛИЯ-ФРАНЦИЯ-КЫТАЙ СОГУШУ
АНГЛИЯ-ФРАНЦИЯ-КЫТАЙ СОГУШУ – экинчи «апийим» согушу (1856–60) – Англия менен Франциянын Кытайды көз каранды мамлекетке айландыруу максатын көздөгөн агрессиячыл согуш. Цинь династиясына каршы чыккан тайпиндердин көтөрүлүшүнөн пайдаланып, Англия 1856-жылы октябрда Гуанчжоу шаарларын басып алат. 1857-жылы ага Франция кошулат. 1858-жылы майда англиялык жана франциялык аскерлер Дату портун каратып, Тянь-цзинь менен Пекинге коркунуч туудурат. Кытай өкмөтү Тяньцзинде Англия-Кытай жана Франция-Кытай (1858) тең укуксуз келишимдерине кол коюуга мажбур болот. Келишимдер өлкөнүн аймагында чет өлкөлүктөргө эркин соода жана миссионердик ишмердүүлүктү жүргүзүү укугун берүүгө Кытайды милдеттендирген. Бирок, император аларды ратификациялоодон баш тарткан. Ага жооп кылып англичандар менен француздар 1860-жылы августта Тянь-цзинди, октябрда Пекинди басып алат. Кытай өкмөтү Пекинде Англия-Кытай жана Франция-Кытай келишимдерине(1860-жыл) аргасыздан кол коет. Келишимдер мурдагы Тянь-цзинь келишимдеринин шарттарын бекемдеген.