АНГЛИЯ-САКСОНДУК ЖЕҢИП АЛУУЛАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АНГЛИЯ-САКСОНДУК ЖЕҢИП АЛУУЛАР – 5-кылымдын ортосунан баштап эле түндүк герман уруулары (англ, сакс, ют жана фриз) массалык түрдө Британиянын жээктерине барып отурукташып, ички райондоруна тереңдеп кире башташкан. Жергиликтүү кельт уруулары багындырылып, калгандары Шотландия, Уэльске жана континентке (азыркы Бретань) сүрүп чыгарылган. 6-кылымдын аягында герман уруулары Британиянын көпчүлүк аймактарын каратып, ал жерлерде бир нече англия-саксондук королдуктар (Кент, Уэссекс, Суссекс, Эссекс, Чыг. Англия, Нортумбрия, Мерсия) пайда болгон. Кийинчерээк бул уруулардын даниялыктар, норвегиялыктар жана франциялык келгиндер менен жуурулушуусунун негизинде англичан эли калыптанган.