АНГЛИЯ-ОРУС КЕЛИШИМДЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АНГЛИЯ-ОРУС КЕЛИШИМДЕРИ – (1873, 1885, 1907). Англия менен Россиянын Тибет, Афганистан жана Иран боюнча жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында кол коюлган. Англия өкмөтү Германиянын согуштук күч-кубатынын өсүшүнөн жана анын Чыгыштагы басып алууларынын күчөшүнөн чочулап, Россия, Франция менен дипломатиялык мамилелерин жакшыртуу максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Орто Азиядагы «б у ф е р д и к» алкак жөнүндөгү келишим (1873), ушул өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн (1872-жыл, октябрь-1873-жыл, январь) натыйжасында түзүлүп, ал боюнча Россия менен Англиянын Орто Азиядагы өз таасириндеги жерлерди чектеген жана Афган эмиратынын түндүк чек араларын белгилеген. Афганистандын ээлигиндеги жерлерди чектөө жөнүндөгү келишим 1885-жылы 29-августта (10-сентябрь) Лондондо түзүлүп, 1885-жыл афган кризисин жөнгө салган. Аны толуктаган Афган чек араларын аныктаган протоколго 1887-жылы 10-(22) июлда кол коюлган. Ортонку Чыгыштагы таасир көрсөтүү чөйрөсүн чектөө жөнүндөгү макулдашуу 1907-жылы 8 (31)-августта түзүлүп, тараптар Тибеттин аймактык бүтүндүгүн жана кол тийбестигин камсыз кылуу, Ирандагы таасир этүү чөйрөлөрүн аныктоо жана Афганистанды Россиянын таасир этүү чөйрөсүнөн чыгаруу тууралуу макулдашышкан. 1907-жылы марттагы келишим боюнча Иранда Россиянын, Англиянын таасириндеги аймактар белгиленген. Бул келишим Антантаны түзүүдө маанилүү этап болгон.