АНГЛИЯ-АФГАН СОГУШТАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АНГЛИЯ-АФГАН СОГУШТАРЫ – Улуу Британиянын Афганистанга каршы жүргүзгөн согуштары. Биринчи Англия-Афган согуштары (1838–42) англичандардын Афганистандагы Россиянын таасиринин жогорулашынан чочулоосунан улам келип чыккан. Улуу Британиянын Индияда жайгашкан аскерлери 1839-жылы Кандагар, Газни, Кабул шаарларын ээлешип, эмир Дост Мухаммеддин ордуна англичандарды колдогон шах Шужу-аль Мулькту коюшат. Согуш жалпы элдик боштондук күрөшкө айланып, англичандардын жеңилүүсү менен аяктаган. 1842-жылдын аягында англичандар Афганистандан чыгып кетүүгө аргасыз болушат. Экинчи Англия-Афган согушу (1878–80) Англиянын Афганистандын тышкы саясатына көзөмөл орнотуусу жана Кабулда өз резидентин жайгаштыруусу менен жыйынтыкталган. Үчүнчү Англия-Афган согушунун (1919) башталышына Афган эмири Аманулла хандын Британиялык Индияга кол салуусу шылтоо болуп, анын жыйынтыгы боюнча кол коюлган Равалпиндин келишимине ылайык, Улуу Британия Афганистандын толук көз каранды эместигин тааныган.