АНГЛИС ТИЛИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АНГЛИС ТИЛИ – англичандардын тили. Улуу Ирландия (ирланд тили менен катар), АКШ, Канада (француз тили менен катар), Австралия, Жаңы Зеландия, Түштүк Африка жана Индияда (бир аз бөлүгүндө) оозеки кепте (речте) колдонулуучу жана мамлекеттик иш жүргүзүүнүн, адабияттын жана илимдин тили болуп саналат. Бул тилде 400 млнго жакын адам сүйлөйт. БУУда официалдуу кабыл алынган беш тилдин бири. Индевропа тилдеринин батыш герман тобуна кирет. Англис тили 5-6-кылымдарда кельт урууларын сүрүп, Британияга көчүп келип жайгашкан герман урууларынын (англ-сакс жана ют) тилдеринен өнүккөн. Англис тилинин тарыхы байыркы (7–11-кылым), орто (12 –15-кылым) жана жаңы (15-кылымдан бери) болуп үч мезгилге бөлүнөт. Азыркы англис тили байыркы англис тилинен айырмаланып, аналитикалык тилдердин тибине кирет. Сөздөрдүн мааниси сөз тизмектери жана кызматчы сөздөр аркылуу айырмаланат. Англис тилинде сөз өзгөртүү мүчөлөрү аз. Англис тилинин жазуу эрежелери менен сөздөрдүн айтылышынын арасында орчундуу айырмалар бар (Англис тилинин орфография эрежелери боюнча кийинки англис жана жаңы англис тилдериндеги тыбыштык өзгөрүүлөргө жазууда жол берилбейт).
Ад.: Бруннер К., История английского языка, пер. с нем., т. 1-2, М., 1955-56; Смирницкий анын ичинде, Древнеанглийский язык. М., 1955; Кунин А. В., Англо-русский фразеологический словарь, [кн.] 1-2, 3 изд., М., 1967.

К. Саматов.