АНГКОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АНГКОР -- (кийин Ангкор – Тхом кхмерче – «Улуу шаар» дегенди билдирет) – Сием-Реап шаарынын (Кампучия) жанындагы храмдардын, сарайлардын, суу сактагычтардын жана каналдардын зор комплекси. 9–13-кылымдарда курулган. Яшодхарапура (9-кылымдын аягында негизделген) менен Ангкор-Тхом (12-кылымдын аягы) храмы, шаар урандылары, жыгач сарайлардын таш пайдубалы, тепкичтүү пирамида түрүндөгү «тоо-храмдары», анын ичинде скульптуралык жактан бай жасалгаланган ири Ангкор-Ват храмы (1113–50-ж. ч.) бар. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.