АНГИНА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АНГИНА (лат. ango – кысам, муунтам) – катуу кармаган жугуштуу оору. Анда алкымдагы бадам сымал без сезгенет. Көбүнчө балдар, ошондой эле чоң кишилер да ооруйт. Аны стафилококк, стрептококк ж. б. ириңдетүүчү микроорганизмдер пайда кылат. Алар соо адамга бейтап пайдаланган түрдүү буюмдар (мисалы, сүлгү, идиш-аяк) аркылуу жугат. Айрым учурларда Ангинаны бадам сымал бездин чуңкурчаларында, ооз көндөйүндө, кулкунда, тиш тешиктеринде дайыма болуучу микробдор да козгойт. Ал микробдор демейде киши суукка урунганда, өтө чарчаса, ар кандай оорулар менен ооруса, көбүнчө сасык тумоодон кийин организмдин коргонуусу начарлаганда Ангинаны козгойт. Киши өтө муздак тамак жесе, буту суу болуп же муздак сууга түшсө ооруп калышы мүмкүн. Ангина капысынан башталып, тамак кычышкансып, ачышкансып, эч нерсе жуткузбайт, дене ысып, баш ооруйт, чыйрыктырат. Оору 7-8 күнгө созулат. Ангина катардык (бездер сезгенип, кызарат), фолликулярдык (бездерди майда, ириңдүү кебер каптайт) жана лакуналык (бездер бүт ириңдейт) болуп бөлүнөт. Ангина бат-бат кайталанып өнөкөт түрүнө өтсө, анын кабылдоосу бөйрөк, жүрөк жана муун ооруларын, өзгөчө кызыл жүгүрүктү пайда кылуусу мүмкүн. Дарылоодо төшөккө жаткырып, тамакты чайкап, эзиле бышкан суюк, витаминдүү тамак берүү керек жана сульфаниламиддер, антибиотиктер колдонулат. Аны алдын алууда денени чыңдоо, суукка урунуудан сактануу чоң мааниге ээ.