АНГИЛЬЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АНГИЛЬЯ, А н г у и л л а – Улуу Британиянын Кариб деңизиндеги ээлиги. Кичи Антил архипелагынын түндүк четинде жайгашкан. Ангилья аралын (аянты 91 км, узундугу 26 км, туурасы 5 км; эл жашаган арал) жана элсиз аралдар тобун (Скраб, Дог, Сомбреро, Прикли-Пир-Кейс, Сил ж. б.) камтыйт. Аянты 102 км2 (башка маалыматтар боюнча 96 км2). Калкы 14,4 миң (2009); негизинен вест-индиялык негрлер (90%), ошондой эле мулат англичандар жашайт. Динге ишенгендер протестанттар (англикандар, методисттер). Администрациялдык борбору – Валли. Расмий тили – англис тили. Акча бирдиги – чыгыш кариб доллары. Аралдары акиташтуу кумдуу пляждардан туруп, алар шуру (коралл) рифтери менен курчалган. Ангилья аралынын жеринин бети салыштырмалуу тегиз келип, жапыз дөбөлөрдөн (бийиктиги 65 м, Крокус-Хилл) турат. Климаты тропиктик, пассаттык. Айлык орточо температурасы 18–24°С. Эң ысык мезгили урагандуу июнь-октябрга туура келет. Жылдык жаан-чачыны 700–1200 мм (максимуму август-ноябрда, минимуму февраль-апрелде). Жаан суусу ичүү үчүн пайдаланылат. Өсүмдүгү сейрек саванна; жапыз өскөн бадалдар деградацияга учураган. Аралды жээктей кокос пальмасы, жүзүм өстүрүлөт. Ички дүң продукциясынын көлөмү 175,4 млн доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 12,2 миң доллардан (АКШ) туура келет (2009). Чарбасынын негизин чет элдик туристтерди тейлөө (жылына 45 миң) түзөт. Туз казылып алынат. Балык, омар, лангуст кармалат. Таттуу картошка, тамеки, ак жүгөрү (сорго), жашылча, жүгөрү айдалат. Кой, эчки, чочко багылат. Темир жол жок. Автомобиль жолунун узундугу 175 км (анын 82 кми асфальтталган). Башкы деңиз порту – Блоуинг-Пойнт. Чакан эл аралык аэропорту бар. Сыртка омар, балык, туз, ром чыгарып; сырттан отун, азык-түлүк, химикат, тиричилик товарларын алат. Негизги соода шериктери: АКШ, Улуу Британия, Пуэрто-Рико.

Р. Карачалова.