АНГАРОВ Николай Константинович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АНГАРОВ Николай Константинович (24. 2. 1914, Пермь, Россия – 1990, ошол эле жерде) – актёр жана театр ишмери; Казак ССРинин (1956) жана КРдин эл артисти (1974). Сахналык ишмердиги 1933-жылы башталган. 1949-жылдан Уралдагы облустар аралык театрда актёр, 1960-жылдан Фрунзедеги Н. К. Крупская атындагы орус драма театрында актёр жана директор болуп эмгектенген. Аткарган ролдору: Омор (Т. Абдумомунов, «Даттанууга болбойт»), Линьков (Соболев, «Кожоюн»), Крутояров (Н. Погодин, «Ишеним»), Корчевой (Тумановская, «Дачадагы туюк жер»), Данкевич (Д. Гранин, «Чагылганга аттандым»), Феодор Леонидович (Собко, «Менин сырымды сактагыла») ж. б.