АНАРХИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АНАРХИЗМ (гр. anarchia – бийликсиз) – мамлекетсиз коомдук түзүлүш жөнүндөгү идея; мамлекетти эркин граждандардын ассоциациясы менен алмаштырууну максат кылган саясий кыймыл. 1793-жылы англис жазуучу У. Годвин «Саясий акыйкаттыкты изилдөө» деген эмгегинде «Мамлекетсиз коом» деген түшүнүктү киргизген, 19-кылымдын 40–70-жылдарында саясий кыймыл катары пайда болгон. Анархизм – бир идеологиялык доктрина эмес, анын төрт негизги багыты бар: 1) индивидуалисттик; 2) мутуалисттик; 3) коллективисттик; 4) коммунисттик. Индивидуалисттик теорияны 1845-жылы М. Штернер «Теңдешсиз жана анын менчиги» китебинде жазган. Теориянын негизин адамдын чексиз эркиндик идеясы түзөт. Мутуализм багытын негиздөөчү – П. Ж. Прудон. Коомдогу социалдык теңсиздиктин булагы калыс эмес товар алмашуу болгондуктан, анын ою боюнча соода системасында реформа жүргүзүү зарыл. Бул реформа инсандын мамлекетте көз каранды эместигине алып келет, мамлекет керексиз болуп, өзү жоголот. 19-кылымдын 60-жылдары М. А. Бакунин иштеп чыккан коллективдик анархизм теориясы жумушчу табынын арасында кеңири тараган. Анын ою боюнча мамлекет элди эзүү куралы болгондуктан, аны революциячыл жол менен жок кылуу зарыл деген. Коммунисттик багыттын теоретиги П. А. Кропоткин «өз ара жардамдашуу» деген биосоциологиялык мыйзамды негиздеген. Адамдар бири менен бири күрөшкө умтулбастан, кызматташууга аракет кылат, мамлекеттик бийликти, жеке менчикти жок кылуу менен гана эркин коммуналардын союзунун федерациясына өтүүгө болот.
А. Бекбосун кызы.