АНАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АНАР (Punica) – өсүмдүктөрдүн анарлар тукумундагы бадал же анча чоң эмес дарак (бийиктиги 5 мге чейин). Жалбырагы калың, күбүлмө. Гүлү кош жыныстуу, жалгыздан же топ гүлдүү. Негизинен кайчылаш, кээде өзү менен өзү чаңдашат. Май – августта гүлдөйт.

АНАР 69.png

Тоголок, саргыч, кызыл кабыктуу, салмагы 300-600 г, мөмөсү сентябрь, ноябрда бышат. Мөмөсүндө 400-700 ширелүү уругу болот. Жапайы түрү Орто Азия, Закавказье, Иран, Афганистан, Индияда өсөт. Бир түрү субтропик өлкөлөрдө – Крым, Закавказье, Орто Азияда өстүрүлөт. Анардын ширесинде кант, лимон кислотасы, танин, С витамини бар. Ширесинен суусун, сироп, татымал даярдалат. Дары, боёк жасоо ишинде да керектелет. Кабыгы медицинада кайнатылып же экстракт түрүндө ичеги мите курттарына каршы, ширеси ашказан сезгенгенде, астма, ангина, атеросклероз ж. б. ооруларды дарылоого колдонулат. Анын казаке, кызыл, бала мюрсаль ж. б. сорттору бар. Кооздук үчүн да өстүрүлөт. Калемче, тамыр, чырпыктары аркылуу көбөйтүлөт. Зыянкечтери: мөмө жегичи, бити, кенеси. Илдеттери: фомопсис же бутак рагы.