АНАНЬЕВ Константин Николаевич

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АНАНЬЕВ Константин Николаевич [14.7.1910, РФ, Симбирск (Ульяновск) ш. - 22. 10. 1981, Фрунзе)] – байланыш системасынын новатору, Социалдык Эмгектин Баатыры (1956). Ананьев 1933-жылдан Кыргызстандагы байланыш системасында иштеп, радиотехниктен Кыргыз ССР байланыш министринин орун басарына чейин көтөрүлгөн. Ал жетекчилик

АНАНЬЕВ 1 67.png

кылган Кыргызстандагы байланыш кызматкерлеринин тобу тоолуу жердеги радиореле магистралын кеңейтүүдө жана телекөрсөтүүнү жакшыртууда кыйла эмгек сиңирген. Топтун демилгеси менен Советтер Союзунда 1-жолу телефон байланыштарын аба аркылуу жүргүзүү иши уюштурулган. Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз, 2 «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.