АНАЛИЗ --талдоо жүргүзүү

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АНАЛИЗ а д а б и я т т а а н у у д а – көркөм текстти изилдөө максатында талдоо жүргүзүү. Адабий чыгармага анализ берүүдө чыгарманын идеясын, темасын, андагы образдарды, тилин талдоо жана жалпы комплекстик анализдөө менен ишке ашырылат. Анализ адабият таануунун негизги ыкмасы болуп саналат. Ал дүйнөнү таанып-билүү процессинде жана практикада маанилүү роль ойноп, синтез менен ажырагыс биримдикте болот.