АНАЛИЗДИК ТИЛДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АНАЛИЗДИК ТИЛДЕР – сүйлөмдөгү сөздөр өз ара сөздөрдүн грамматикалык формалары менен эмес, аналитикалык формалар: предлог, артикль сыяктуу жардамчы сөздөр, сөздөрдүн орун алуу тартиби, интонация аркылуу байланышкан тилдер (мисалы, англис, француз, жаңы перс, болгар ж. б. тилдер). Тилдерди аналитикалык жана синтетикалык деп бөлүштүрүү немец лингвисти А. Шлегель тарабынан алгач флексияланма тилдер үчүн сунуш кылынып, А. Шлейхер мындай бөлүштүрүүнү андан ары тереңдетүү менен агглютинативдик тилдерге карата да колдонгон.