АНАДОЛУ БӨКСӨ ТООСУ
Jump to navigation
Jump to search
АНАДОЛУ БӨКСӨ ТООСУ (Анатоо, Анатолия (грекче Анатоле – «чыгыш») – Кичи Азия бөксө тоосунун ички бөлүгү, Түркияда. Түштүгүндө Тавр, түндүгүндө Понт тоолору менен чектешет. Негизинен чөкмө тоо тектерден турат; кийинки жанар тоо аракетинин издери бар. Бир катар туюк өрөөндөрдү анча бийик эмес токол тоолор бөлүп турат. Басымдуу бийиктиги 800–1500 м, эң бийик жери 3916 м (Эржияс жанар тоосу). Шор жерлер жана туздуу көлдөр (Туз ж. б.) бар. Жарым чөл, талаа (тоолордо) өсүмдүктөрү өсөт. Оазис дыйканчылыгы өнүккөн, мал асыралат.