АМФОТЕРДҮҮЛҮК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АМФОТЕРДҮҮЛҮК (гр. Amphoteros -тигил же бул) – кээ бир бирикмелердин шартка жараша кислоталык же негиздик касиеттерге жөндөмдүүлүгү. Кислоталык жана негиздик мүнөзү кандай гана химиялык бирикме болбосун кислота-негиздик өз ара аракеттенүү процессине катыша турган экинчи компоненттин табиятына жараша болот. Бир эле зат күчтүү кислота менен өз ара аракеттенгенде өзүнүн негиздик касиетин, ошол эле убакта ал күчтүү негиз менен реакцияга киргенде өзүн кислота катары көрсөтөт. Амфотердүүлүк бирикмеге суунун ажыроо (диссоциация) Н+ жана ОН- процесси өзгөчө мисал боло алат. Бир канча элементтин гидроксиддери амфотердүүлүккө ээ. Алардын эң негизгилери Аl(ОН)3, Zn(OH)2 жана Сг(ОН)3 ж. б.