АМФИТЕАТР -- көрүүчүлөрдүн орду

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АМФИТЕАТР (грекче amphitheatru, сөзмө-сөз – тегерек зал) – 1) Байыркы Римде көпчүлүк үчүн курулган, гладиаторлорду жана жырткыч айбандарды кармаштыруучу

монумент курулуштардын бири. Ал ортосунда аренасы бар эллипс түрүндөгү зор курулма. Аренаны айланта көрүүчүлөрдүн орду болгон. Тепкич-тепкич болуп,

АМФИТЕАТР 1 56.png
Помпейдеги амфитеатр. Рим.

улам жогорулап, тирөөчтөргө карматылып, алардын ортосу фойе же тепкич катарында пайдаланылган. Амфитеатр Рим империясынын биздин заманга чейинки Верона, Помпеи, Рим (Колизей) жана башка шаарларында сакталып келген; 2) азыркы театрдагы, цирктердеги, концерттик залдардагы, аудиториялардагы, стадиондордогу көрүүчүлөр үчүн бийиктетилген орундар (мисалы, Кыргыз опера жана балет театрынын, Кыргыз академиялык драма театрынын жана башка амфитеатрлары).