АМФИБОЛДОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АМФИБОЛДОР – тоотектерди түзүүчү минералдардын тобу. Алар жаратылышта кеңири таралган. Амфиболдор роговая обманкалуу габбро, диорит, амфиболит, горнблендит, амфиболдуу сланец сыяктуу магмалык жана метаморфизмделген тоотектердин көпчүлүк курамын түзөт. Өңү курамындагы темирдин өлчөмүнө жараша түссүз, жашыл кара. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 5-6. Салмагы 3,1-3,3. Кристаллографиялык түзүлүшү менен химиялык курамына карай ромбалуу жана моноклиндүү амфиболдор болуп бөлүнөт. Ромбалуу амфиболго - антофиллит, моноклиндүү амфиболго – тремолит, актинолит, роговая обманка, глаукофан жана арфведсониттер кирет. Амфиболдор геологиялык кубулуштардын таасиринен бузулуп, хлорит, эпидот, монтмориллонит, карбонаттарга ж. б. минералдарга айланат. Амфиболдордун асбест деп аталган түрү кислоталарга туруктуу жана отко чыдамдуу болгондуктан химиялык өнөр жайларда кеңири пайдаланылат.