АМУ-ДАРЫЯ НЕФТЬ-ГАЗ БАССЕЙНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АМУ-ДАРЫЯ НЕФТЬ-ГАЗ БАССЕЙНИ – нефть жана күйүүчү газ кендери жаткан ири аймак. Түркмөнстандын борбордук жана чыгыш, Өзбекстандын батыш, Афганистан менен Ирандын түндүк бөлүктөрүндө 420 миң км2дей аянтты ээлейт. Алгачкы газ кендери 1953-жылы Түркмөнстанда (Сеталан-Дөбө), 1960-жылы Афганистанда (Етымтаг),1968-жылы Иранда (Хангиран) табылган. 200дөн ашуун нефть жана газ кендери белгилүү (2005). Алардын негизгилери: Түркмөнстанда – Шатлык, Даулетабад-Донмез, Байрам-Али, Ачак, Саман-Дөбө, Орто-Булак ж. б.; Өзбекстанда – Газлин; Афганистанда – Кожо-Гугердаг, Жаркудук ж. б.; Иранда – Хангиран юра мезгилдеринин газ-нефтилүү терриген жана карбонат чөкмө тек катмарлары 0,2–4 км тереңдикте Аму-Дарыя синеклизасын түзүп жатат. Газ кургак, метандуу, курамындагы N2 5%ке чейин, СОа – 4%, айрым H2S – 6%. Нефть майда бүртүкчөлүү, парафиндүү (13%ке чейин), тыгыздыгы 770–900 кг/м3.