АМУР МАДАНИЯТЫ
Jump to navigation
Jump to search
АМУР МАДАНИЯТЫ – неолит дооруна (б. з. ч. 5 жана 1 миңинчи жылдыктын башы) таандык, Амур-Дарыясынын ортоңку жана төмөнкү бойлоруна тараган маданият. Негизинен чопо идиш-аяктары, таштан жасалган эмгек куралдары табылган. Амур маданиятын калтырышкан уруулар көчмөн жана жарым көчмөн турмушта жашап, аңчылык менен тиричилик кылышкан.