АМУНДСЕН-СКОТТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АМУНДСЕН-СКОТТ У ю л – АКШнын Түштүк географиялык уюлдагы антарктидалык илимий станциясы. Уюл платосунда 2800 м бийиктикте жайгашкан. 1957-жылы январда ачылган. Континенттин ички аймактарына маршрут боюнча жүргүзүлчү изилдөөлөрдүн базасы. Түштүк уюлду биринчи ачышкан норвегиялык Р. Амундсен жана англиялык Р. Скоттун ысмынан аталган.