АМСТЕРДАМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АМСТЕРДАМ (Amsterdam, алгач Amstellebamme Амстел дарыясындагы плотина) – Нидерланд Королдугунун борбор шаары. Өлкөнүн маанилүү маданий очогу жана экономикалык борбору. Калкы 822 миң (2014; шаар айланасы менен 2,3 млн); калкынын саны боюнча өлкөдөгү ири шаар. Амстел дарыясынын чатында, Эйсселмер булуңунун жээгинде жайгашкан. Түндүк деңизи менен кеме жүрүүчү эки канал аркылуу байланышат. Деңиз порту (жылына 25 млн т жүк ташылат). Рейн дарыясы менен чаты канал аркылуу туташат. Ири жолдор тоому. Темир жолдор түйүнү. Схипхол эл аралык аэропорту (Европадагы эң ири) бар. Метрополитен иштейт. Шаар алгач 1275-жылдан эскерилет. 15-кылымда ири соода борбору болгон. 16-кылымдын аягында 17-кылымдын башында биржа жана ошол кездеги ири европалык банктар уюшулуп, дүйнөлүк маанидеги соода жана кредит борборуна айланган. 16-17-кылымдарда Португалия жана Германиядан (еврейлер) жана Франциядан (гугеноттор) иммигранттар келишкен. 1795-жылдан Батав Республикасынын, кийинчерээк Нидерланд Королдугунун борбору болгон.
Амстердам – Европадагы туризмдин ири борборлорунун бири. Шаардын жаңы бөлүгүндө Дам аянтында Корол сарайы (1648–55), соңку готика стилиндеги Ньивекерк чиркөөсү (1490-ж. чен), Улуттук монумент (1954–56) жайгашкан. Эски бөлүгүндө 50гө жакын канал, 500дөн ашык көпүрө (1610–62) бар. Орто кылымдагы Синт-Антонспорт шаар дарбаза курулушу (1488; 1987-ж. чейин еврейлер музейи), 15–17-кылымдардагы мунаралар, готика стилиндеги Эски (13-кылым) жана Жаңы (15–16-кылымдар), Түндүк жана Чыгыш чиркөөлөрү (экөө тең 17-кылым) сакталган.
Шаарда Илимдер академиясы, 2 университет, консерватория (1884), театралдык институт, ири китепканалар, музейлер (анын ичинде Ван Гогдун музейи), Рембранттын үй-музейи, филармония бар. Амстердам – көөнө музыкалардын кайрадан жаралуу борборлорунун бири. Голландия музыкасы (1947, жайында), эл аралык даректүү жана балдар киносу ж. б. фестивалдары өткөрүлөт. Машина куруу (авиация, кеме куруу, электр техника, электроника), химия (полимер, пластмасса, жасалма каучук, жер семирткич, фармацевтика ж. б.), нефть ажыратуу, полиграфия, тамак-аш – татымал (какао, кофе, кокос майы ж. б.) өнөр жайы бар. IX Олимпиада оюндары (1928) өткөрүлгөн. Салт болуп калган ювелир өндүрүшү, алмазды кырдоо өнүккөн.